Мария Стюарт
| Мария I Стюарт шотл. Màiri Stiùbhart англ. Mary I Stuart | ||||
| ||||
|---|---|---|---|---|
| 14-декабрь 1542 — 24-июль 1567 | ||||
| Таажыланышы: | 9-сентябрь 1543, Стерлинг шаары | |||
| Регенттер: | Жеймс Гамильтон (1542 — 1554), Мария де Гиз (1554 — 1560) | |||
| Андан мурунку: | Жеймс V | |||
| Андан кийинки: | Жеймс VI | |||
| ||||
| 10-июль 1559 — 5-декабрь 1560 | ||||
| Андан мурунку: | Екатерина Медичи | |||
| Андан кийинки: | Австриялык Елизавета | |||
| Дини: | Католицизм | |||
| Туулган жылы: | 8 -декабрь 1542 | |||
| Туулган жери: | Шотландия, Линлитгоу сарайы | |||
| Каза болгон жылы: | 8 -февраль 1584 (41 жаш) | |||
| Каза болгон жери: | Англия Падышалыгы, Фотерингей сепили | |||
| Мүрзөсүнүн орду: | Вестминстер кечилканасы | |||
| Тукуму: | ||||
| Атасы: | Жеймс V | |||
| Апасы: | Мария де Гиз | |||
| Жубайы: | 1. Франциск II 2. Генрих Стюарт 3. Жеймс Хепберн | |||
| Балдары: | 2-никесинен: Жеймс II | |||
| Автограф: | ||||
| Сыйлыктары: |
Алтын Роза | |||

Мария Стюарт (шотл. Màiri Stiùbhart, англ. Mary I Stuart, 8. 12. 1542, Шотландия, Линлитгоу – 8. 2. 1587, Англия, Нортгемптоншир графтыгы, Фотерингей сарайы, сөөгү Вестминстер аббатчылыгына коюлган) – 1542–67-жылдары (иш жүзүндө 1561-жылдан) Шотландия королевасы. Стюарттар династиясынан Шотландия королу Якоб Vнин кызы. Атасы өлгөн соң (1942), такка отурган (1943). 1548–61-жылдары Францияда жашаган, 1558-жылы француз дофини келечектеги король Францискге күйөөгө чыккан. 1559–60-жылдары Юраев Франциск IIнин жубайы катары Франция королевасы болгон. Жесир калгандан кийин 1561-жылы Шотландияга кайтып келип, ошол эле кезде католик ак сөөктөрүнүн колдоосу боюнча англиялык тактыга (Генрих VII королунун чөбөрөсү катары) талапкер болгон. Шотландиядагы Англия колдоп турган протестантизмге расмий түрдө жол бергени менен Мария Стюарт католиктерге колдоо көрсөтүп, Римдеги папа менен байланыштарын үзгөн эмес. Экинчи күйөөсү – лорд Дарнлини өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүп, 1567-жылы тактыны өзүнүн уулуна (шотландиялык король Яков VI; 1603-жылдан Англия королу Яков I) өткөрүп берип, шотландиялык кальвинчилер тарабынан куулуп, Англияга качкан. Мария Стюарт Англия Королевасы Елизавета Iге каршы бир нече жолу кутум уюштурууга катышкандыгы үчүн Елизавета I тарабынан түрмөгө камалган жана Фотерингей сарайында өлтүрүлгөн. Шиллердин «Мария Стюарт» трагедиясы, Гаэтано Доницетти менен Сергей Слонимскийдин «Мария Сюарт» операсында анын образы идеалдаштырылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7


