Мария Терезия

Википедия дан

Мария Терезия (13. 5. 1717, Вена – 29. 11. 1780, ошол эле жер) – Австрия эрцгерцогинясы, Венгрия жана Богемия королевасы (1740-жылдан). Габсбургдар династиясынан, Карл VIнын улуу кызы – 1736-жылы герцог Франц Стефан Лотарингcкийге турмушка чыккан. 1713-жылы атасы Карл VIнын чыгарган Прагматикалык санкциясы боюнча уулу жок болгондуктан, такка кызы отурганга уруксат берилген. 1740-жылдары Карл VI өлгөндө анын кызы Мария Терезиянын мурастык укуктарын башка европалык мамлекет башчылары талаша баштап, акырында 1748-жылдары гана Мария Терезиянын укугу таанылган. 1765-жылга чейин Мария Терезия күйөөсү – Франц Стефан (лотарингиялык император Франц I), 1765-жылдан уулу – Иосиф II менен бирге мамлекетти башкарган. Мария Терезия Австрия аймагында абсолютизмдин өнүгүшүнө чоң салым кошуп, мамлекеттин борборлоштурулушуна багытталган реформаларды (мамлекеттик кеңеш түзүлүп, провинциялык башкармалыкты, бажы кызматын реформалаган) жүргүзгөн. Барщиналык системанын кризисине байланыштуу жана 1775-жылы дыйкандар көтөрүлүшүнөн улам «барщина жөнүндө патент», 1768-жылы жаңы кылмыш кодекси ж. б. мыйзамдарды чыгарттырып, 1776-жылы кыйноолорду жойгон. 1756–63-жылдары Жети жылдык согуштун жүрүшүндө Пруссия басып алган Силезияны кайтарып алууга жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]