Марка

Википедия дан

Марка (немецче Mark – чек ара, чек ара область) – орто кылымда Батыш Европадагы айыл жамааты. 5–6-кылымда Батыш Рим империясынын аймагындагы герман урууларында таралган. Адегенде марка эркин дыйкандар бирикмеси болуп, ага киргендер айдоо жерлерин жеке менчик, жайыт, токойлорду жамааттын жалпы менчиги катары пайдаланышкан. Феодалдар бардык жерди тартып алгандан кийин марка жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]