Маркварт, Иосиф (Йожеф)

Википедия дан

Маркварт, Иосиф (Йожеф) немец ориенталисти, тарыхчысы (1864-1930 жж). Университеттеги мезгилинде Иран (фарси) тили жана тарыхы боюнча адистешип, ошол эле учурда Е.Прумага ат-Табаринин арабча жазылган эмгегин немис тилине которууга жардам берген. 1897-ж. Тюбинген университетинде приват-доцент, 1900-ж. ассистент, андан соң Лейдендеги Этнографиялык музейде консерватор болуп иштеген. 1902-ж. Чыгыштын хритиандарынын тилдери боюнча атлган музейде дарс окуй баштаган. 1910-ж. Орто Азия тилдери боюнча бөлүмдүн жетекчисинин орун басары болуп дайындалат. Ошол эле мезгилде Армениянын тарыхына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзөт. Берлмин университетинин арменистика кафедрасын жетектеген. Иосиф Маркварт Ирандын тарыхын изилдеп жүрүп, Орто Азия калктарынын тарыхына да кызыга баштайт. Аны өзгөчө кыпчак-кумандардын же половецтердин тарыхы кызыктырат. Европа булактарында Чыгыш Европа түрк тилдүү уруулары – кыпчактарды (половецтерди) “кумандар”, “кундар” деп аташа турган. 1910-1914 жж. илимге кеңири белгилүү болгон “Кумандар” аттуу монографиясын Берлинден королдук (мамлекеттик) каражаттын эсебинен басып чыгарган. Изилдөөчү куман-кыпчактардын тарыхын иликтөөдө өтө кенен илимий адабияттарды, чыгыш булактарын колдонгон. Монографияда кыпчактар, кумандар, половецтер кимдер ?, аздар, канглылар, татарлар ж.б. элдер, уруулук бирикмелер боюнча илимдеги алгачкы жарык көргөн фундаменталдуу изилдөөлөрдөн болуп эсептелет. Эмгекте тарыхый топонимика, этнография ж.б. баалуу маалыматтар бар. И.Маркварт 1893-ж. байыркы руникалык жазуулар чечмеленип окулгандан кийин, ал булактар менен таанышып, байыркы түрктөрдүн өзгөчө күн,ай, жыл эсеби же календары болгондугу тууралу маанилүү илимий билдирүү жарыялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015