Маркетинг

Википедия дан

Маркетинг (англисче marketing, market – рынок ) – рынокто түзүлгөн ар кандай кырдаалды эсепке алып, монополиялык пайда табуу максатында жаңы продукция иштеп чыгаруу, ал товарды сатуу же кызмат көрсөтүү боюнча ири корпорациянын ишин башкаруу жана уюштуруу системаларынын бири. Өндүрүүчүдөн керектөөчүгө товар жана тейлөө кызматтарын багыттаган бардык ишкердүүлүктүн иш-чаралар жыйындысы. Алар – продукциянын ассортиментин пландоо, өндүрүлгөн продукцияга баа коюу, транспорттоо, дүң жана чекене соода кылуу, товар сактоо, аны кредитке берүү жана тейлөө кызматы, жарнама, маркетинг изилдөөлөрүн ж. б. камтыйт. Маркетингдин негизги иши – кардарчылыкты, баа түзүлүшүн изилдөө, сатууну күчөтүү, товар түрлөрүн пландаштыруу. Маркетинг экономикалык секторлорго ылайык товар керектөөчүлөрүнүн маркетинги, тейлөө кызматынын маркетинги, финансы маркетинги ж. б. түрлөргө бөлүнөт. Маркетинг кызматы рынокто ага тиешелүү позицияларды бекемдеп жана өндүрүлгөн продукцияны сатуу боюнча бардык иш-чараларды камтыйт. Товарды өткөрүү – маркетингдин функциясынын бири. Маркетинг рынокто кайсы товарга суроо талап көп экенин изилдеп, анын жыйынтыгында фирманын иш-чараларын пландаштырып, чечим кабыл алат. Рынокту комплекстүү изилдөө үч багытта – рыноктогу суроо-талапты изилдөө, продукциянын конкуренттүү түрүн жана тейлөө кызматтарын аныктоо, товарды сатуу жана анын ыкмаларын изилдөө. Товардын конкреттүү түрүн чекене соодалоо жана аны тейлөө компания кызматкерлеринин негизги максаты. Рынокту изилдөө – фирма-өндүрүшчүлөрдүн маанилүү маселеси. Калган багыттар жардамчы милдетти аткарат. Товар өндүрүүчү бат-бат кооптуу абалга туш болуп турат, анткени керектөөчүлөрдүн товарга болгон талабы тез-тез өзгөрүлөт. Ошондуктан учурдагы маркетинг негизинен керектөөчүнүн келечектеги керектөөсүн камсыз кылууга багытталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]