Марков Георгий Мокеевич

Википедия дан

Марков Георгий Мокеевич [7(20). 4. 1911 – Том губерниясы, Новокусков кыштагы, – 26. 9. 1991, Москва] – орус совет жазуучусу, коомдук ишмер. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). 1930–32-жылдары Томск университетинен окуган. Чыгармалары 1936-жылдан жарыялана баштаган. «Строговдор» деген тарыхый-революциялык романында (1–2-китеп, 1939–46) Сибирде Совет бийлигинин орношу, социалисттик өзгөрүштөр көрсөтүлгөн. Строговдор «династиясынын» кийинки тагдыры «Жер маңызы» (1–2-китеп, 1954–60) деген романында улантылат. Ал советтик адамдардын коммунизм идеалы үчүн күрөшүн даңазалаган «Ата жана бала», Октябрь революциясынын алдындагы Россиянын турмушу жөнүндөгү «Сибирь» (1–2-китеп, 1969–73) роман-экилтигин, «Жөө аскер» (1947–48), «Хингандык шумкарлар» (1967) повесттерин жазган. адабияттын актуалдуу маселелерин курч козгогон «Турмуш. Адабият. Жазуучу» (1971) деген макалалар жыйнагы да бар. 1956–71-жылдары СССР Жазуучулар союзунун башкармасынын секретары, 1971-жылдан 1-секретары. СССР Жогорку Советинин (7–9-шайланышынын) депутаты. Г. М. Марков – адабият, искусство, архитектура боюнча Лениндик жана СССР мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитеттин председателинин орун басары. СССР мамлекеттик (1952, 1974) жана Лениндик сыйлыктын (1976) лауреаты. Анын «Ата жана бала» романын 1984-жылы Ш. Абдылдаев, ж. б. чыгармаларын А. Жанышев, К. Абдыкеримов кыргыз тилине которгон. Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Чыгармалары: Хингандык шумкарлар. Ф., 1972; Сибирь, 1–2-китеп. Ф., 1975–76.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]