Маркшейдерия

Википедия дан

Маркшейдерия (немецче mark – чек ара, scheiden – бөлүп таануу) – техника, тоо-кен илимдеринин бир тармагы. Жер астындагы кендердин алган ордун, түзүлүшүн, түспөлүн, өлчөмүн, тоо тектеринин деформацияланышын изилдейт. Иш маркшейдерлик аспаптар менен жүргүзүлөт. Кен чалгындоодо жер бетинин картасы түзүлөт. Таяныч торлор жүргүзүлүп, тоо казылмалары такталат. Чиймелер, сүрөттөр, аткарылуучу жумуштардын көлөмү, кен тулкусунун өлчөмдөрү, кендин геологиялык запасы аныкталат. Тоо-кен иштеринин долбоору түзүлөт. Кендин чек аралары, казып алуу системалары, курулуштар каралат. Тоо-кен иштеринин календардык планы түзүлөт. Казындыда тектердин урашы, жылмышуулары, коопсуздуктар такталат жана текшерилип турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]