Марк Уолберг

Википедия дан
Mark Wahlberg

Марк Роберт Майкл Уолберг (англ. Mark Wahlberg ;1971-жылы 5-июнда туулган) - америкалык актер, продюсер, ишкер, мурдагы модель жана рэпчи. Ал чыгармачылыгынын алгачкы жылдарында "Marky Mark and the Funky Bunch" хипхоп тобундагы рэпчи Marky Mark катары таанылган. "Адамдар үчүн музыка" (англ. Music for the People) жана "Сен ишенишиң керек" (англ. You Gotta Beleive) деген музыкалык альбомдорду жарыкка чыгарган. Уолберг 1990-жылдарда актерлук кесипке ооп, "Буги бий түнү" (англ. Boogie Nights), "Үч падыша" (англ. Three Kings) тасмаларына тартылган. 2000-жылдарда актер "Күчтүү толкун" (англ. The Perfect Storm", "Маймылдар планетасы" (англ. Planet of the Apes), "Италиялыкча карактоо" (англ. The Italian Job),жана Мартин Скорсезенин "Чегингендер" (англ. The Departed) тасмаларында ойногон. 2010-жылы "Башка достор" (англ. The Other Guys) комедиясында Уилл Феррелл менен бирге тартылган. Ал продюсер болгон "Балбан" (англ. The Fighter) тасмасы "Эң мыкты фильм" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Актер " Тед" (англ. Ted), "Жалгыз тирүү калган" (англ. Lone Survivor), "Жан талашкандар" (англ. Pain & Gain) жана "Трансформерлер: Жок кылуу доору" (англ. Transformers: Age of Extinction, Deepwater Horizon) жана "Патриот күнү" (англ. Patriots Day) тасмаларында дагы роль аткарган.

HBO каналында көрсөтүлгөн "Антураж" (англ. Entourage, 2004–11), "Жашыруун империя" (англ. Boardwalk Empire, 2009–14), "Муну кантип Америкада жасоого болот" (англ. How to Make It in America, 2010–11) жана "Футболчулар" (англ. Ballers, 2015–азыркыга чейин) тасмаларында аткаруучу продюсердик кызматты аркалаган. Ал "Wahlburgers chain" кайрымдуулук уюмунун негиздегендердин бири жана фонд тууралуу теле-шоуларды дагы жетектейт. М. Уолберг 2010-жылдын 29-июлунда "Голливуд атак-даңк аллеясынын жылдызы" болгон. Ал "күчтүү жигиттин": полиция кызматкеринин, аскер адамынын же кылмышкердин ролдорун аткаргандыгы менен белгилүү. Актер кинорежиссерлор Дэвид О Рассел, Майкл Бей жана Питер Берг менен такай кызматташып турат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]