Марракеш

Wikipedia дан

Марракеш – Марокконун борбордук бөлүгүндөгү шаар. Марракеш-Тенсифт-Эль-Ауз областынын административдик борбору. Бийик Атлас тоосунун этегинде, Эль-Ауз өрөөнүндө, Тенсифт дарыясына жакын жерде жайгашкан. Калкы 920,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шар 1062-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1060 же 1070-жылдары) негизделген. 12-кылымдын аягында ири соода жана Альморавиддердин (10–11-кылым), жана Альмохадахдардын (11–12-кылым) динвастиясы бийлик кылып турган убакта жана шериф Саадидахтардын мезгилинде Марокконун борбору болгон. Марракештин архитектурасы жергиликтүү кооз таштардан курулуп, кызыл-шафран менен кооздолуп, өзгөчө көрк берип турат. Шаардын эски бөлүгү айланта дубал менен курчалып, көптөгөн чеп дарбазалары (12-кылым) бар. Орто кылымга таандык мавритания зодчийлигинин бай эстеликтери түштүктү көздөй созулуп, король кварталы касабасы менен (Альмохаддар негиздеген) агведаль багына (12-кылым; 2 чоң жасалма көлмө, зайтун жана мөмө-жемиш бактарынан турат) барып кошулат. Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Шаарда 11–12-кылымдын архитектуралык эстеликтери (Кубба аль-Баруддийн кумпалуу павильону, Кутубий мечити, Баб-Агвенау дарбазасы), 14–16-кылымдын таат-ибадат ансамблдери жана 19–20-кылымдын ак сарайлары, мечит, медресе, мавзолей сакталган. Өлкөнүн түштүк бөлүгүнүн башкы экономикалык борбору. Шаардын экономикасынын негизин туристтик бизнес (2007-жылы 2 млнго жакын турист келген) түзөт. Тамак-аш–татымал, текстиль, жыгаччылык өнөр жай, пластмасса, цемент өндүрүшү иштейт. Кыймылсыз коммерция сектору (мейманкана, офис, соода жана кампа жайлары ж. б.) тез темп менен өнүгүүдө. Университет (1978), институт, ислам маданияты музейи, опера театры, калк китепканасы ж. бар. Кустардык (килем, кездеме токуу, булгаарыдан, таштан буюм жасоо, сафьян) кол өнөрчүлүк өнүккөн. Кышкы курорттору иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]