Марсо

Википедия дан

Марсо (өз фамилиясы Манжель) Марсель (22.3. 1923, Страсбург – 22. 9. 2007, Каор, сөөгү Парижге коюлган) – француз актёру. Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу. Атасынын Освенцимде набыт болушу Марсонун көз карашына таасир тийгизип, чыгармачылыгын заманбап адамды моралдык жок кылуунун, өлтүрүүнүн себептерин аңдап түшүнүүгө арнаган. 1946-жылы «Марсель Марсонун мимдер менен кызматташтыгын» негиздеген. 12 сезондун ичинде 20дан ашык мимикалык пьеса койгон:«Шинель» (Н. В. Гоголь боюнча, 1951), «Караңгыдагы кармаш» (1952), «Париж күлөт, Париж ыйлайт» (1959) ж. б. 1960-жылы жеке концерт-спектаклдер менен чыккан. 1969-жылы Парижде Марсель Марсо Эл аралык пантомима мектебин, 1996-жылы Пантомима өнөрүн АКШда жайылтуучу Марсо фондун негиздеген. Марсонун өнөрү 20-кылымдын 2-жарымында патомима жанрынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Киного да тартылган: «Робот», «Дудук кино» ж. б. Марсонун чыгармачылыгы жөнүндө фильмдер тартылган: «Бип жана рандеву» (1948), «Пантомималар» (1954), «Мим Марсель Марсо» (1972) ж. б. Ардактуу легион орденинин офицери.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]