Мартин Гор

Википедия дан

Мартин Ли Гор (англ. Martin Lee Gore; 1961-жылы 23-июль) - англиялык ыр жазуучу, ырчы, гитарист, пианист, продюсер, ремикс жасоочу жана дижей. Depeche Mode тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп Мартин Гор топтун ырларынын көбүн жазган. Мартин Гор сахнада кырк жыл бою иштеп келе жатат. Гордун таанымал болгон композицияларынын ичине кирген хиттери: "Personal Jesus" (кырг. "Өздүк Ыса"), "Enjoy the Silence" (кырг. "Жымжырттан ыракат ал"), "Stripped" (кырг. "Жылаңач"), "It's No Good" (кырг. "Пайдасыз"), "In Your Room" (кырг. "Бөлмөң ичинде"), "Strangelove" (кырг. "Таң каларлык сүйүү"), "I Feel You" (кырг. "Сени сезем"), "People Are People" (кырг. "Адамдар деген адамдар"), "Precious" (кырг. "Кымбаттуу"), "A Question of Time" (кырг. "Убакыт ала турчу суроо"), "Policy of Truth" (кырг. "Чындыктын саясаты"), "Everything Counts" (кырг. "Баардыгы эсептелет"), "Behind the Wheel" (кырг. "Рулда отуруу"), "Shake the Disease" (кырг. "Ооруну силкүү"), "Never Let Me Down Again" (кырг. "Мындан кийин мени оңтойсуз абалда калтырба") жана башкалар.

Depeche Mode тобуна ыр жазып музыка жараткандан тышкары Гор кээ бир ырларын башкы ырчы катары аткарган, алардын ичине, мисал катары "Somebody" (кырг. "Кимдир бирөө"), "A Question of Lust" (кырг. "Кумарлануу жөнүндө суроо"), "Home" (кырг. "Үй") жана "One Caress" (кырг. "Бир мээрим") кирет. Ал топтун башка ырларынын жардамчы бэк-вокалисти катары аткарган.

Ыр жазуучулардын, композиторлордун жана авторлордун британиялык академиясы 1999-жылы Мартин Горго Айвор Новелло сыйлыгынын "Эл аралык жетишкендик" номинациясын ыйгарган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]