Мартин Скорсезе

Википедия дан

Мартин Чарльз Скорсезе (англ. Martin Charles Scorsese, айтылышы: /skɔːrˈsɛsi/; италиянча: [skorˈseːze]; 1942-жылы 17-ноябрь) – кесибине 50 жылдан ашык өмүрүн арнаган америкалык режиссер, продюсер, сценарист жана тасма тарыхчысы. Скорсезенин эмгектеринин негизги темаларына сицилиялык-америкалыктардын индивидуалдуулугу, күнөө жана күнөөнү жууштун римдик-католиктик концепттери, ишеним, мачолук, заманбап кылмыштуулук жана кылмышкерлер топторунун кагылыштары кирет. Режиссердун тасмаларынын көбү зомбулукту көрсөтүүсү жана нормативдик эмес сөздөрдүн колдонуусу менен белгилүү.

Жаңы Голливудтун өкүлү болгон Скорсезе тасма тарыхынын эң маанилүү жана таасирдүү кинематографисттердин бири болуп эсептелет. 1990-жылы режиссер тасмалардын сактоосуна арналган The Film Foundation уюмунун негиздөөчүсү болгон, ал эми 2007-жылы World Cinema Foundation уюмун негиздеген. Скорсезе кинематографияга кошкон салымы үчүн AFI Life Achievement Award сыйлыктын жана ага кошумчалуу "Оскар", Канн кинофестивалы учурунда ыйгарылган "Алтын пальма бутагы" - ("Эң мыкты фильм"), "Күмүш арстан", "Грэмми", "Эмми", "Алтын глобус", BAFTA жана DGA сыйлыктардын ээси.

Режиссердун эмгектерине "Митаам көчөлөрү" (англ. Mean Streets, 1973), "Таксист" (англ. Taxi Driver, 1976), "Албуут бука" (англ. Raging Bull, 1980), "Күлкүлүү окуянын королу" (англ. The King of Comedy, 1983), "Иисус Христостун акыркы азгыруусу" (англ. The Last Temptation of Christ, 1988), "Жакын достор" (англ. Goodfellas, 1990), "Коркуунун булуңу" (англ. Cape Fear, 1991) жана "Казино" (англ. Casino, 1995) сыяктуу тасмалар кирет, алардын кээ бирөөлөрүндө Скорсезе актер жана досу Роберт Де Ниро менен бирге иштеген. Скорсезенин актер Леонардо Ди Каприо менен болгон кызматташтыгы да белгилүү, актер режиссердун "Нү-Йорк бандалары" (англ. Gangs of New York, 2002) жана "Уолл-стрит карышкыры" (англ. The Wolf of Wall Street, 2013) тасмаларында тартылган. Экөөнүн үчүнчү "Чыккынчылар" (англ. The Departed) аттуу тасмасы "Эң мыкты тасма" номинациясына кошумча Скорсезеге "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты режиссер" номинациясынын жеңишин алып келген. Натыйжада Ди Каприо менен Скорсезенин кызматташтыгы экөөнө бирдей "Оскар" сыйлыгынын бир канча номинацияларын жана башка ардактуу сыйлыктардын жеңишин алып келген.

Скорсезенин эмгектери катары саналган тасмалар: "Акыркы вальс" (англ. The Last Waltz, 1978), "Бир канча саат өткөн соң" (англ. After Hours, 1985), "Асман кожоюну" (англ. The Aviator, 2004), "Каргыш аралы" (англ. Shutter Island, 2010), "Хүго" (англ. Hugo, 2011) жана "Жымжырттык" (англ. Silence, 2016). Режиссердун телевизиондук эмгектерине HBO каналынын "Жашырын империя" (англ. Boardwalk Empire) жана "Винил" (англ. Vinyl) телесериалдары кирет, Скорсезе акыркысынын кош-ойлоп табуучусу да болгон. "Чыккынчылар" тасмасы үчүн Скорсезе "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты режиссер" номинациясына татыган. Сегиз "Эң мыкты режиссер" номинациялары менен Скорсезе болгон номинацияларга эң көп талапкерлиги коюлган режиссеру болуп, жалпы номинациялары боюнча Билли Уайлдерден кийинки орунду ээлеген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]