Мартьянов музейи

Википедия дан

Мартьянов музейи - Россия Федерациясынын Краснояр (Кызылжар) крайынын Минусинск шаарындагы тарыхый-этнографиялык музей. Абакан шаарынан 25 км. түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Музей белгилүү агартуучу, ири ишкер, меценат В.Мартьяновдун ысмын алып жүрөт. Минусин музейинин негиздөөчүсү меценат В.Мартьянов болгон. 19-к. аяк чендеринде негизделген тарыхый-этнографиялык музейде байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздарга таандык, алдыңкы жашоо укладын, материалдык, руханий маданиятын чагылдырган өтө бай экспонаттар, крайтаануучулардын жыйнаган баалуу кол жазмалары сакталып турат. 19-20-кк. аралыгында Хакас-Минусин ойдуңунда жүргүзүлгөн археологиялык жана этнографиялык экспедициялардын бай материалдары көрүүчүлөргө сунуш этилген. Кыргыздарга арналып жасалгаланган атайын көргөзмөлөр бар. Анда кыргыздардын материалдык-руханий маданиятынын үлгүлөрүн, согуш өнөрүн, чарбалык укладдарын чагылдырган бай материалдар сунуш этилген. Өзгөчө, кыргыздардын жана Кыргыз каганаттарынын мамлекеттик иш-кагаздары жүргүзүлгөн рун сымал жазуулар чегерилген таш эстеликтери кызыгууну жаратат. Анда кыргыздардын орто кылымдар доорундагы тарыхын чагылдырган маалыматтар бар. Көргөзмө залдары кыргыз тарыхынын хронологиялык, эволюциялык өнүгүүсүнө карата уюштурулган. Кыргыз жазуусуна арналган атайын көргөзмө бөлмөлөрү орун алган. Анда Алтын Көлдөн табылган кыргыз каганы Барс-бекке, мамлекеттик ишмер, атактуу шаман, элчи Эрен Улукка арналып тургузулган жазуу эстелик таштары сакталып турат. Мындан сырткары, Уйбат, Аскиз ж.б. жерлерден табылган (19-к. аягынан тартып) кыргыз жазма эстеликте- ринин чоң коллекциясы өз алдынча зор залды ээлейт. Ушул эле жерде 18-20-кк. аймакты изилдеп, материалдык жана руханий маданияты боюнча эмгектерди жазган изилдөөчүлөрдүн, крайтаануучулардын кол жазмалары, жарык көргөн эмгектери сакталып турат. В.Мартьянов атындагы музей Энесай кыргыздарынын тарыхын, этнографиясын, археологиясын иликтөө боюнча маалымат- тарды камтыган ири илимий-изилдөө борбору болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]