Маслина

Википедия дан

Маслина, ак чечек ( Olea) – өсүмдүктөрдүн ак чечектер тукумунун уруусу. Маслинанын 60тай түрү белгилүү. Анын 1 түрүнүн (эгилме маслина же зайтун дарагы) чарбалык мааниси чоң. Ал дайыма жашыл субтропик мөмө дарагы, бийиктиги 4–12 м. Жалбырагы майда, 2–3 жылда бир күбүлөт. Гүлү ак, мөмөсү данектүү, тоголок, сүйрү, салмагы 15 гга чейин, өңү көгүш же каралжын. Маслина кургакка байымдуу, 13–18°С суукка чыдайт, 300–400 жыл өсөт. Бир дарактан 20–40 кг түшүм алынат. Испания, Италия, Грецияда өстүрүлөт. Анын дүйнөдө 500дөй сорту белгилүү. КМШ өлкөлөрүндөгү 80дей сорту Крымда, Закавказьеде, Түркмөнстанда, Краснодар крайында өстүрүлөт. Мөмөсүнөн консерва жасалып, зайтун майы тартылат. Майы тамак-ашка, консерва өнөр жайында жана медицинада колдонулат. Күнжарасы – малга тоют.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]