Массалык маданият

Википедия дан

Массалык маданият – индустриялык жактан өнүккөн коомдун шарттарында кеңири тараган маданият болмуштарынын өзгөчөлүктөрүн, «массалык коомдун» продуктусун чагылдыруучу түшүнүк. Жекече жана коомдук аң-сезимге тиешелүү таасир көрсөтүүчү жана анын продуктуларына суроо-талапты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жарыяларды түзүүчү массалык коммуникация каражаттарынын кеңири бутактанган тармагы жана керектөөнүн уюштурулган индустриясы менен мүнөздөлөт.

Массалык маданияттын негизги социалдык милдеттери: адамдарды коомдук мамилелердин колдонулуудагы системасына интеграциялоо; алардын көңүлүн реалдуу турмушка проблемалуу ой жүгүртүүдөн көңүл ачуучу массалык продукцияларды көрүү менен кабыл алууга, эмоциялык эс алууга жана элестетип ойноого буруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8