Массасы өзгөрмө нерселердин механикасы

Википедия дан

Массасы өзгөрмө нерселердин механикасы — теориялык механиканын бир бөлүмү, ал кыймыл убагындагы массасы өзгөргөн нерсенин кыймылын изилдейт. Массасы өзгөрмө нерселердин механикасын орус окумуштуулары И. В. Ме­щерский менен К. Э. Циолковский негиздеген. Материалдык нерсе (же чекит) кыймылда болгондо, ал нерсенин массасынын өзгөрүшү нерседен белүкчөлөрдүн бөлүнүшү же биригиши (жабышуусу) менен шартталат.

Аба реактивдүү кыймылдаткычы бар реактивдүү самолётто болүкчөлордүн ажыроо жанa биригүү процесси бир убакта жүрөт. Мындай самолёттун кыймылдаткычына аба сорулганда массасы көбөйүп, отун күйгөндөн калган продукт сыртка чыгарылганда анын массасы азаят. Массасы өзгөрмө нерсенин кыймылы төмөндөгү вектордуу дифференциал теңдеме менен чыгарылат (биринчи жолу Ме­щерский 1904-ж. түзгөн)

Массасы өзгөрмө нерселердин механикасында 2 түрдүү маселе: массанын оордук борборунун траекториясын жанa массасы өзгөрмө нерсенин массасынын оордук борборунун айланасындагы кыймылын аныктоо маселелери каралат. Массанын оор­дук борборунун траекториясынын мүнөздөмөсү массасы өзгөрмө динамикалык чекиттин теңдемесин чыгаруу менен табылат.

Өзгөрмө массалуу нерсенин оордук борборунун тегерегиндеги кыймылды аныктоо анын (са­молёт, ракета) динамикалык туруктуулугун изилдөөдө маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.