Масс-спектрометрия

Википедия дан

Масс-спектрометрия – масс-спектроскопия, М.-с. анализ – зат массасын (масс. зарядка болгон катышын m/е) жана изилденүүчү затты иондоштурууда алынган ион салыштырмалуу санын аныктоо аркылуу затты анализдөө методу. Масса зарядка болгон катышы - m/е маанисинин жана алынган иондор тогунун салыштырмалуу маанисинин бирдейлиги, график же таблица түрүндө берилиши зат масс-спектри деп аталат. Масса зарядка болгон катышы – m/е маанисинин чоңдугу б-ча изилденүүчү зат иондорун бөлүүдө алынган чондуктарды жана бөлүнгөн иондор тогун ченөө үчүн М.-с. приборлор колдонулат. Иондоштуруунун кеңири таралган универсалдык методу – электрондук согуу. Электрондук согууда энергиясы 70-100 эВ, ылдамдыгы 108 см/сек болгон электрондор колдонулат. Оң зарядуу ион-радикалды М+. алуу үчүн көрсөтүлгөн чоңдуктар жетиштүү болот. Мол-лар фрагментациясы схемасы:

mо-нейтралдык бөлүкчөнүн бөлүнүүсү М. с. зат пикомольдук санын жана түзүлүшүн аныктоодо колдонулат. Заттар иденцификациялоого мүмкүнчүлүк берүүчү 70000 ашык орг. зат спектрин камтыган масс-спектр каталогу бар. Ар кандай максаттар үчүн колдонууга мүмкүн болгон масс-спектрометр индекстери бар: изотоптук курамы үчүн - МИ, хим. курамы изилдөө үчүн - МХ; структуралык анализ үчүн - МС. М.-с. орг. хим-да зат мол. массасын ченөөгө, элементтик курамын; хим. жана мейкиндик түзүлүшүн, изотоптук курамын аныктоодо, орг. заттар татаал аралашмасына сапаттык жана сандык анализ жүргүзүүдө колдонулат. М.-с. негизги максаттарынын бири - М.-с мүнөзү менен изилденүүчү орг. мол-нын түзүлүшүнүн көз карандылыгын табуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]