Масс спектроскопия

Википедия дан

Масс спектроскопия – масса - спектрометр, масса-спектр анализи - заттардын, иондордун массасын жана алардын санын аныктоо менен ошол заттарды изилдөө ыкмасы.

Бул ыкма аркылуу изилденүүчү заттардын курамы массалардын курамы боюнча аныкталат (к. Масс-спектрометр). Масс спектроскопия – ядро массалары жана элементтердин атомдук массалары жөнүндөгү маалымат алууда негизги ыкмалардын бири. Масс спектроскопиянын өтө тактыгы жана сезгичтиги аны адегенде ядролук техникада, кийинчерээк геоме-трияда, географияда кеңири колдонууга мүмкүндүк берди. Физикалык-химиялык изилдөөлөрдө Масс спектроскопия иондошуу потенциалдарын, молекулалардагы атомдордун байланыш энергиясын, буулануу жылуулугун аныктоодо, о. эле медицинада колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]