Масыракунов Рашид
Масыракунов Рашид – жазуучу. Тогуз-Торо районунун Атай айылында 1949-жылы 20-августта туулган. 1966-жылы Казарман орто мектебин бүтүргөн.
Эмгек жолун Казарман шаарчасында радио куроочу болуп иштөө менен баштаган.
1967-1969-жж. Жалал-Абад шаарында сүрөтчү, «Орто Азия адистештирилген энергия куроо» башкармалыгынын Караганды, Темиртау участкаларында бийиктикте иштөөчү монтажчы болуп эмгектенген.
1975-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
1975-1976-жж. Москва районундагы Беловодское айылындагы мектепте тарбиячы-педагог, комсомол уюмунун катчысы, 1976-1995-жж. «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинде корректор, кабарчы, адабий котормочу, 1997-1998-жж. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында улук кеңешчи, 1998-2001-жж. «Манас Урпактары» гезитинин башкы редактору, 2001-2007-жж. «Гүл-чынар» басмаканасында башкы редактордун орун басары, 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик тил жана котормо бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенүүдө.
Эл аралык «Түгөлбай Ата» коомунун сыйлыгынын лауреаты.
1981-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыбыла: Аңгемелер, санжыра, уламыштар. - Б.: Кыргызстан, 1992. - 77 б.
Санжыра санаты. - Б.: Кыргызстан, 1994. - 77 б.
Тогуз ак. - Б.: Гүлчынар, 2006. - 112 б.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6