Матвиенко Дарья Антоновна

Википедия дан

Матвиенко Дарья Антоновна (8. 3. 1910, Курск областы, Марков району, Марков айылы – 1985, Бишкек) – Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). 1945-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1929-жылы баштаган. 1941-жылдан Фрунзе атындагы айыл чарба машина куруу заводунда ширетүүчү. Ал Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде аялдардан алгач электр ширетүүчү кесибине ээ болуп, фронтко курал-жарак даярдоодо эмгектенген. Конструкцияларды, жабдууларды жакшыртуу боюнча убакытты, металлды арбын үнөмдөөгө жана буюмдардын өз наркын төмөндөтүүгө багытталган рационализаторлук сунуштарды киргизип, жылдык нормасын 145–220% аткарган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]