Математикалык лингвистика

Википедия дан

Математикалык лингвистика - табигый жана жасалма (математикалык символ, химиялык формула, морзе коду сыяктуулар) тилди изилдөөнүн так методдорун иштеп чыгуучу колдонмо математикалык илим.

Математикалык лингвистика тил илиминдеги ички зарылчылыктан 20-кылымдын 50-жылдары пайда болгон. Анын андан ары өнүгүшүнө негизинен «автоматтык которуу» проблемасы ыңгайлуу шарт түздү. Математикалык лингвистика тил илиминин бир бөлүгү боло албаса да, аны менен тыгыз карым-катнашта өөрчүйт. Ал алгебранын, автомат жана алгоритм теориясынын методдорун арбын колдонот.

Математикалык лингвистикада тилдик процесс «маани» - «текст» модели боюнча туюнтулат. Бул процесстин алгачкы этабында «маанилик» элементтер синтаксистик байланышка дуушар келет; кийинки этапта сүйлөм элементтеринен «текст» жаралат. Мындай системанын иштөө процессин сүрөттөп көрсөтүүчү математикалык аппарат абдан татаал жана көп кырдуу.

Математикалык лингвистика негизинен үч бөлүктөн турат: морфологиялык-синтаксистик түзүлүш теориясы, формалдык грамматика жана тилдин модели. Тилдин морфологиялык-синтаксистик түзүлүшүн изилдөөдө графтар теориясы менен логикалык дарак түрүндө сүрөттөө ыгы колдонулат. Математикалык лингвистиканын эң орчундуу бөлүгүн формалдык грамматика түзөт. Ал америкалык окумуштуу Н. Хомский тарабынан негизделген. Ошого байланыштуу бул грамматика көбүнчө «Хомский грамматикасы» же «түзүүчүл» грамматика деп аталат.

Формалдык грамматика ич ара дагы үч топко бөлүнөт: түзүүчүл грамматика (НС - грамматика), контекстсиз жана автоматтык грамматика. Формалдык грамматика сөз же сүйлөм логикалык дарак түрүндө берилет. Математикалык лингвистиканын формалдык грамматика бөлүгү жасалма тилдерди (көбүнчө электрондук эсеп машинанын программалык тилин) оптималдоодо да кеңири колдонулат. Тилдин анализдик моделинин теориясында анча татаал болбогон математикалык аппарат (математикалык логика, алгебра) пайдаланылат. Анын негизги маселесине лингвистикалык категорияларды (сөз түркүмдөр, фонема ж. б.) жөнгө салуу кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9