Материалдардын чарчашы

Википедия дан

Материалдардын чарчашы – циклдүү аракет этүүчү механикалык чыңалуунун таасиринин натыйжасында материалдардын механикалык жана физикалык касиеттеринин өзгөрүшү.

Чарчоо процессинде материалда кемчиликтер топтолуп микрожарыктар пайда болот. Микрожарыктар көбөй-гөндө материалда микрожарык пайда болуп, материал бөлүнөт. Материалдардын чарчашы алардын агуучулук чегинен кичине жана мезгилдүү чыңалуунун аракетинен пайда болгондуктан, бул кубулуш убакытка карата өзгөрүүчү чыңалууга кабылган машинанын тетиктери үчүн коркунучтуу. Материалдардын чарчашында поликристаллдарынын түзүлүшү өзгөрбөйт. Бул процесстин алгачкы стадиясында материалдын салыштырмалуу ыңгайсыз жайгашкан кристаллдардын начар байланышкан тегиздиктеринде өзгөрмөлүү чыңалуунун таасиринде түз жана тескери багытта кайталануучу деформация болот. Акыркы стадияда микрожарыктардын саны көбөйөт. Алардын биринин тез чоңоюшунун натыйжасында макрожарык пайда болот. Андан кийин материал чыңалууга туруштук бере албай тез бөлүнөт. Материалдардын чарчашы циклдин эң чоң жана эң кичине чыңалууларына көзкаранды эмес, о. эле чыңалуунун өзгөрүү жыштыгынын Материалдардын чарчашына тийгизген таасири өтө аз. Материалдардын чарчашына алардын абсолюттук өлчөм-дөрү, күчтүн таасир этүү мүнөзү (созуу, толгоо, ийүү ж. б.), температура жана чөйрө-нүн активдүүлүгү таасир тийгизет. Температура жогорулаганда материалдын чыдамдуулук чеги төмөндөйт. Материалдын чыдамдуулук чегин жогорулатуу үчүн чыңдоо, башка металлдар менен каптоо ж. б. колдонулат. Чарчоо бөлүнү-шүнүн жаратылышы заттын молекулалык жана кристаллдык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен шартталат. Катуу нерселердин азыркы кездеги теориясынын физикалык негиздери жетишсиз болгондуктан, Материалдардын чарчашынын теориясы иштелип чыга элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]