Материалдык жоопкерчилик

Википедия дан

Материалдык жоопкерчилик – КР мыйзамдарына ылайык эмгек келишиминин бир тарабына келтирилген зыяндын ордун экинчи тараптын толтуруусу боюнча эмгек келишиминдеги тараптардын (жумуш берүүчү жана жумушчу) милдеттенмеси. Эмгек келишиминде ушул келишимдин тараптарынын М. ж-ги айкындаштырылышы мүмкүн. Ошону менен бирге, жалдоочунун жалдануучу алдындагы келишимдик жоопкерчилиги КР эмгек мыйзамдарында каралгандан төмөн, ал эми жалдануучунун жалдоочунун алдындагы жоопкерчилиги жогору болбоого тийиш. Зыян келтирилгенден кийин эмгек келишимин бузуу эмгек келишиминин тараптарын жоопкерчиликтен бошотпойт. Эгерде КР мыйзамдарында башкача каралбаса бир тараптын укукка каршы жүрүм-турумунун (аракети же аракетсиздиги) жана күнөөлүү укукка каршы жүрүм-турум менен келтирилген зыяндын ортосундагы себептик байланыштын натыйжасында М. ж. пайда болот. Жалдоочу жумушчуга берилбей калган эмгек акысы жана жумушчунун жоголгон же бузулган мүлкү түрүндө зыяндын, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурларда моралдык зыяндын ордун толтурат. Жумушчу жалдоочуга анын мүлкүнүн жоголгон же бузулган түрүндө, ошондой эле ашыкча акчалай төлөмдөрдү жүргүзүү зарылдыгынын ордун толтурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]