Матрица: Кайрадан баштоо

Википедия дан

"Матрица: Кайрадан баштоо" (англ. The Matrix Reloaded) – сценарийи Вачовски бир туугандар тарабынан жазылган жана тасмага тартылган, Америка жана Австралиянын илимий-фантастикалык тез аракеттүү тасмасы 2003-жылы жарыкка чыккан, ал "Матрица" (англ. The Matrix) тасманын биринчи уландысы, "Матрица" үчилтигинин экинчи бөлүмү. Тасманын биринчи жолу экрандарга чыгышы Вествудта (Калифорния, Лос-Анжелес) 2003-жылы 7-май айында болгон, Warner Bros. компаниянын алкагында, Американын түндүк кинотеатрларында 2003-жылы 15-майда өткөн, ал эми бүткүл дүйнө жүзүндө тасма майдын экинчи жарымында көрсөтүлгөн. Бул тасма 2003-жылы Каннда өткөн тасма фестивалында конкурстан тышкары көрсөтүлгөн. 15-майда чыккан "Матрицага кирүү" (англ. Enter the Matrix) видео-оюну жана 3-июнда чыккан анимацияланган тогуз кыска метраждуу "Аниматрица" (англ. The Animatrix) сериялары тасманын сюжеттик түзүлүшүн бир кыйла кеңейткен. Үчилтиктин "Матрица: Революция" (англ. The Matrix Revolutions) аталышындагы акыркы бөлүмү "Матрица: Кайрадан баштоо" тасмадан алты ай кийин, 2003-жылдын ноябрында экранга чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]