Мазмунга өтүү

Матусовский Зиновий Лаврович

Википедия дан

Матусовский Зиновий Лаврович (1842–ж. туулган, өлгөн жылы белгисиз) – орус армиясынын полковниги, белгилүү кытайтаануучу, саякатчы, Тянь-Шань, Түндүк-Батыш Монголия жана Кытайдын изилдөөчүсү. Киев губерниясында дворяндардын үй бүлөөсүндө туулган. Казань аскер окуу жайын аяктагандан соң, 1866-ж. Батыш-Сибирь аскер округуна топограф катары жиберилген. Бир жылдан кийин 1893-ж. отставкага чыкканга чейин ар кандай аскер кызматында топограф катары кызмат өтөгөн. Матусовский Зиновий Лаврович, 1867-ж. В.В.Полорацкийдин аскер рекогонцировкасына катышкан. 1870-ж. Батыш Кытай, Занарын аймактарын картага түшүргөн. Монголиядагы (Кобдо жана Улясутай) соода жолдорун изилдөөгө жигердүү катышкан. Россия империясынын алдында өтөгөн кызматы үчүн өмүр бою берилүүчү 200 рубльдик пенсияга татыктуу болгон экен. 1871-ж. Кулжа, Или аймактарын аскердик-топографиялык иликтөөлөргө алган. Андан соң, Орус генералдык штабы үчүн Түштүк Алтай, Монголия ж.б. аймактардын негизги соода ж.б. жолдорун изилдөөгө алат да аскердик чалгын маанисиндеги байкоолорду жүргүзгөн, маалыматтарды кагаз бетине түшүрүп, карталарды чийген. З.Л.Матусовскийдин “Географическое описание Китайской империи” деген изилдөөсу ошол учурдагы Россия жана батыш өлкөлөрүндө өзгөчө кызыгууларды жараткан. З.Л.Лавровдун таланты Россия империясынын падышасын да кызыктырган жана император тарабынан бир катар баалуу сыйлыктарды алгандыгы белгилүү. Анын өзгөчө, топографиялык эмгектери, чийген карталары эң жогорку талапка жооп бергендиктен, ага чейинки Кытай, Монголия, Чыгыш Түркстан ж.б. аймактар боюнча аткарылган карталар кайра чийилип, иштелип, такталып чыккан экен.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Экспедиция в Западную Монголию // ИИРГО. – 1871. – Т. VII (соавт. Павлинов);
  2. Объяснительная записка к маршруту пути, ведущего от Зайсанского поста через долину Эмиль в гор. Манас // ИИРГО. – 1872. – Т. VIII. – Отд. 2;
  3. Топографические работы [рекогносцировка южного склона Алтая] // ИИРГО. – 1874. – Т. X;
  4. Географические исследования верховьев Иртыша // Там же (соавт. Мирошниченко С. Т.);
  5. Краткий топографический очерк пути, пройденного русской экспедицией по Китаю в 1875 г. от г. Ханькоу до Зайсанского поста. – СПб., 1879;
  6. Географические заметки о дороге, ведущей из г. Кобдо в г. Улясутай и оттуда на север в Минусинский край // Потанин В. Г. Очерки Северо-Западной Монголии : Результаты путешествия, исполненного в 1876–77 годах по поручению ИРГО. – СПб., 1881. – Вып. I;
  7. Географическое описание Китайской империи. – СПб., 1888; Карта Китайской империи, составленная З. Матусовским. – СПб., 1900.
  8. Адабияттар жана булактар: Послужной список полковника Матусовского З. Л., по сост. на 1 мая 1893 г. // РГВИА. Ф. 400. Оп. 17. Д. 7568;
  9. О съемках в Западной Монголии топографа Матусовского // ОР РГБ. Ф. 273. № 2873;
  10. Пясоцкий П. Я. Путешествие по Китаю в 1874–1875 гг. Через Сибирь, Монголию, Восточный, Средний и Северо-Западный Китай. Из дневника члена экспедиции. – СПб., 1880. – Т. 1–2; Скачков. Очерки истории. – С. 244, 247;
  11. Бойкова Е. В. Русская учено-торговая экспедиция в Китай (1874 – 1875) : Материалы о Монголии // Altaica. – М., 1998. – С. 18–26.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015