Махаббат Молдалиева

Википедия дан

Молдалиева Махаббат – акын. Суусамырдын Кызыл-Ой айылында 1973-жылы 22-апрелде туулган.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин, 1999-жылы магистратура бөлүмүн аяктаган.

2004-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын, 2008-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун «Театр таануучу» факультетин аяктап, театр таануучу адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде кабинет башчысы болуп иштөөдөн баштаган. 2002–2003-жж. Кыргыз-Кувейт университетинде окутуучу, 2003–2004 жж. Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунда жооптуу катчы, 2004-жылдан Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясынын «Маданият» студиясында редактор болуп иштеп, «Руханият» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу, «Өнөр өргөөсү» театралдык көрсөтүүсүнүн автору жана редактору болуп келген.

Алгачкы китеби «Жоктоо ыры» деген ат менен 2000-жылы жарык көргөн.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлгөн республикалык «Жаш акындар» фестивалынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын дипломанты, 2006-жылы Эл аралык «Шабыт» фестивалынын дипломанты, 2006-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» медалынын ээси, 2007-жылы Эл аралык «Шабыт» фестивалынын лауреаты болгон.

2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жоктоо ыры: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2000. – 120 б.

Отузунчу көз ирмем: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2002. – 150 б.

Көкөмерен: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2004. – 250 б

Алтын тамыр: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2007. – 225 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мелодия Родной Земли. – Б.: Акыл, 2005. – 50 б.


Башка элдердин тилинде

Туулган жер. – Баку, 2005. – 80 б. – азерб.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]