Махатма Ганди

Википедия дан
Махатма Ганди

Ганди Мохандас Карамчанд (1869–1948) – Индиядагы улуттук боштондук кыймылдын лидери, идеологу. Гандинин окуусу (гандизм) улуттук боштондук күрөштүн программасы болгон. Негизги принциптери: адамдардын ортосундагы мамилелердин чыныгы формасы – сүйүү, бул жашоонун негизги мыйзамы тынчтык жол менен, күч колдонбой күрөшкө кеңири көпчүлүк элди тартуу аркылуу максатка жетүү. Ганди күч колдонууну катуу сынга алып, күч колдонбогон коом жөнүндө концепциясын иштеп чыккан, саясатта жаңы ыкманы – граждандык баш ийбөөнү колдонууга чакырган. Ганди мамлекетти зордук-зомбулуктун биримдигинин формасы деп эсептейт. Бирок адамзаттын азыркы доорунда мамлекет зарыл экендигин танган эмес. Гандинин ою боюнча күч колдонбогон мамлекет кичинекей, өзүн-өзү башкаруучу жана камсыз кылуучу, айылдык коммуналар сыяктуу болуп, анда моралдык жана социалдык мажбурлоо бар, чечимдерди көпчүлүк кабыл алат. Бирок жеке адам же азчылык да өзүлөрүнүн аң-сезимине туура келбеген аракеттерди жасабай, граждандык баш ийбөө жолу менен саясатка каршы ачык күрөшө алат.


Ганди Түштүк Африкада (1895)
Мохандас Ганди жана анын аялы Кастурбай (1902)
Ганди 1918 жылы


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ганди, Мохандас Карамчанд. Өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян. / Англ. котор. Т. Чоротегин; «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду. – Б.: Аркус бас., 2016. – 240 б., сүрөт. – («Өмүрү өрнөк инсандар» түрмөгү). ISBN 978–9967–27–953–7. (M. K. Gandhi. An Autobiography or The Story of My Experiments with Truth. – Translation from English into Kyrgyz by T. Chorotegin.) – Китептик (вертикалдык) вариант.
  • Ганди, Мохандас Карамчанд. Өз өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян / Англисчеден которгон Тынчтыкбек Чоротегин; котормонун ред. Т.Абдиев; адабий ред. Ж.Жапиев. – Бишкек: Аркус басмасы, 2016. – 168 бет, сүрөт. – “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгү. – “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду. ISBN 978–9967–27–953-7. (2000 нуска). – Альбомдук (горизонталдык) вариант.
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9