Махинур Ниязова

Википедия дан

Махинур Ниязова – журналист, телеалпаруучу, “24.kg” маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары [1]. Махинур Ниязова 1981-жылы 11-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Махинур №1 орто мектепте жана Бишкектеги кыргыз-түрк “Айчүрөк” лицейинде билим алган. Мектепти аяктагандан кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетине тапшырып, аны 2004-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Студент кезинде эле “Аргументы и факты” коомдук-саясий гезитинде штаттан тышкаркы кызматкер болуп иштей баштаган. Университетти аяктагандан кийин 2005-жылга чейин “Комсомольская правда-Кыргызстан” гезитинин кабарчысы болгон. 2006-жылдан 2010-жылга чейин республикалык “Дело №” гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.

5 жыл (2010-жылдан 2015-жылга чейин) “24.kg” маалымат агенттигинин кабарчысы болгон. Ал эми 2015-2016-жылдары “K-News” маалымат агенттигинин башкы редактору кызматын аркалаган.

2015-жылдан 2019-жылга чейин Махинур Ниязова “ResPublica” коомдук-саясий гезитинде кабарчы болуп иштеген. 2018-жылдан тарта “Factcheck.kg” сайтында журналист болгон.

2019-жылдан бери Махинур Ниязова “GovoriTV” каналынын “Кыйын” долбоорунда алып баруучу болуп иштейт[2].

Ошондой эле 2019-жылдан бери “24.kg” маалымат агенттигинде башкы редактордун орун басары болуп эмгектенүүдө.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналисттер үчүн жыл сайын өткөрүлгөн “Геннадий Павлюк атындагы сыйлык: Чынчылдык. Баатырдык. Кесипкөйлүк” аттуу сынакта “Мыкты интернет-басылма” номинациясында үчүнчү орунду ээлеген (2013-жылы). Сынакты орусиялык “Евразийцы – новая волна” фонду өткөрүп келет[3].

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдык мааракесине карата Акыйкатчы институту жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында жарыялаган “Адам укуктарын маалымат аркылуу коргоо” сынагында “Адам укуктарын жана эркиндигин коргоо маселесин чагылдырган мыкты журналист” номинациясында 2-орунду ээлеген (2013-жылы)[4].

Үй-бүлөлүк абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки баланын энеси.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1]https://ru.sputnik.kg/20170913/niyazova-mahinur-malikovna-biografiya-1035187635.html

[2]https://www.youtube.com/watch?v=V1Dc2pziXhU

[3] https://www.vb.kg/doc/213610_jyrnalist_vb_polychila_premiu_imeni_gennadiia_pavluka.html

[4]https://ia-centr.ru/publications/17162/

  1. 1.0 1.1 https://ru.sputnik.kg/20170913/niyazova-mahinur-malikovna-biografiya-1035187635.html
  2. 2.0 2.1 https://www.youtube.com/watch?v=V1Dc2pziXhU
  3. 3.0 3.1 https://www.vb.kg/doc/213610_jyrnalist_vb_polychila_premiu_imeni_gennadiia_pavluka.html
  4. 4.0 4.1 https://ia-centr.ru/publications/17162/