Мазмунга өтүү

Махмуд Ботбаев

Википедия дан

Ботбаев Махмуд (1898, Кетмен-Төбө өрөөнү, Ак-Чий Кара-Суу айылы – 1981, Токтогул шаарчасы) – Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышуучу, алгачкы агартуучулардан. Жергиликтүү орус-тузем мектебин, Ташкенттеги мугалимдерди даярдоо курсун (1920), Ташкендеги политехникалык техникумду (1930) бүтүргөн. 1919–24-жылдары Токтогул районундагы Муз-Төр болуштугунун аткомунун катчысы болуп иштеген жана жергиликтүү элден кошуун түзүп, басмачыларды талкалоого катышкан. Кетмен-Төбө өрөөнүндө мугалим, Фергана облусунын эл агартуу бөлүмүндө инспектор, Наманган уездинде мугалимдерди даярдоо курсунда окутуучу, партиянын Кетмен-Төбө райкомунун секретары жана райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, 1924-ж. Кара Кыргыз Автономиялуу облусунын убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунын ревкомунун мүчөсү болгон. 1924–27-ж. Жалал-Абад кантонунун үгүт бөлүмүнүн башчысы, 1927–28-ж. кантондук аткаруу комитетинин төрагасы, жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча комиссиянын төрагасынын орунбасары (төрагасы Т. Айтжатов), 1928–37-ж. «Кошчу» союзунда жооптуу катчы, Кетмен-Төбө райондук аткаруу комитетинин орунбасары жана башка жооптуу кызматтарда иштеген. 1937–40-ж. репрессияланып, 1940-ж. акталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган, ысмы Токтогул шаарчасынын бир көчөсүнө берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]