Махмуд Чурас

Википедия дан

Махмуд Чурас, Шах-Махмудибн Мирза Фазил Чорос (1622–17-кылымдын аягы) – кашкарлык тарыхчы. Анын 2 чыгармасы белгилүү: «Анис ат-Талибин» («Чындык издеген дос» жана «Хроника» (1670). Биринчи чыгарма автор өзү мүчө болгон исхакий суфийлер уюмундагы устатына арналса, экинчиси Эркебектин атайын сунушу боюнча Исмаил ханды (чагатай) даңазалоого арналган. Чыгарма Вейс хандын тун уулу Султан Йунус хандын тарыхынан башталып, Исмаил хан бийлик кылган (1670) учурга чейин камтылат. Автор «Хроникасын» «Тарих-и Рашидинин» уландысы катары эсептеген.

Анткени «Тарих-и Рашиди» дуулат уруусунун тарыхына арналса, «Хроника» чорос уруусунун таржымалы болгон. Ал Моголстан мамлекетинин саясий турмушуна кыргыз элинин өтө жигердүү катышкандыгын көрсөтөт. Абдаллах хандын тушунда кыргыз уруу башчылары мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп турган. Ошондой эле ойроттордун (калмактардын) Чыгыш Түркстанга басып кириши жана бул аймактагы дин кыймылы тууралуу да маалыматтар бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]