Махмутова Мехри

Википедия дан

Махмутова Мехри (Мариям) (8. 3. 1920, Фрунзе – 25. 4. 1989, ошол эле жер) – опера ырчысы (меццо-сопрано), Кыргыз ССР эл арт. (1946). Чыгармачылыгын 1938-жылы республикалык эл чыгармачылыгынын 1-олимпиадасына катышуудан баштаган. 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө катышкан. 1940-жылдан Кыргыз опера жана балет театрынын солисти. 1941–42-жылдары Фрунзеде ачылган Москва консерваториясынын улуттук студиясында, 1949–50-жылдары Москва консерваториясында окуган. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүгүнө катышкан. М. Махмутова чыгармачылыгында 41 операнын башкы партияларын, дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлордун ондогон ырларын, романстарын аткарган. Махмутова диапазону кенен кооз тембрлүү үнү менен айырмаланат. Көрүнүктүү партиялары: Ажар, Чачыкей, Ороңгу (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Алтын кыз», 1937; «Айчүрөк», 1940; «Манас», 1946), Барсана (Н. Давлесов, «Аста-секин колукту», 1971) ж.б.; классикалык опералардан: Кармен (Ж. Бизе, «Кармен», 1949), Ольга, Графиня, Морозова (П. Чайковский, «Евгений Онегин», 1942; «Карганын маткеси», 1950; «Опричник», 1958), Мнишек (М. Мусоргский, «Борис Годунов», 1971) ж. б. КМШ өлкөлөрүнүн шаарларында, чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Ленин, «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4