Мазмунга өтүү

Махновский Валентин Пантелеймонович

Википедия дан

Махновский Валентин Пантелеймонович (1955-жылы туулган, Фрунзе) — биология илимдеринин доктору (2006). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Москва мамлекеттик пединститутун бүтүргөн (1980). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Бийик тоо физиология жана эксперименттик патология ИИИде илимий кызматкер (1980–91). Кыргыз элдик медицина эксперименттик изилдөө борборунда лаборатория башчысы (1991–92). Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү жана илим министрлигин илим жана жаңы технология боюнча комитетинде гранттарды тартуу борборунун директору (1993–96). Кыргыз эл аралык университетинин (КЭУ) президентинин кеңешчиси (1996–99). Ошол университеттин Эл аралык тоо институтунун директорунун орун басары (1998–2000), КЭУнин вице президенти (1993–03). 2003-жылдан эл аралык Тоо институтунун директору. Физиология боюнча адис. 3 илимий эмгеги жарык көргөн. Эмгектери: Прогностическая оценка и коррекция резистентности организма человека к высокогорной гипоксии. Б., 2005.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]