Мацерация

Википедия дан

Мацерация (лат. maceratio — жумшартам) — өсүмдүк менен жаныбар тканындагы клеткалардын ажырашы.

Табигый мацерция клетка аралык заттын эришинин натыйжасы. Өсүмдүктөрдө мацерация бышкан (алманын айрым сортто­ру, дарбыз, банан ж. б.) жанa үшүк алган мөмөлөрдө, ошондой эле саргайган жалбырактын саптарында ж. б-ларда байкалат. Жаныбарлардын ткандары сууда көпкө туруп калса пайда бо­лот. Мацерация зыгыр тазалоо, жыгачтан кагаз даярдоодо, жаныбарлардын скелетин жасоодо, гистологиялык иштерде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.