Машиналарды сыноо

Википедия дан

Машиналарды сыноо - машиналардын конструкциялык жанa пайдалануу касиеттерин эксперимент ыкмасы менен аныктоо. Машиналарды сыноо машиналардын техникалык талапка туура келишин текшерүү же аларды пайдаланууда кезиге турган процесстерди тажрыйбада аныктоо үчүн жүргүзүлөт.

Машиналарды сыноо эксперимент жүргүзүү ыкмасы, мүнөзү ж. б. боюнча көп түргө бөлүнөт. Ал арналышы боюнча лабораториялык, заводдук, иштетүүчү, учуруу, жүргүзүү, жолдо сыноо ж. б. болуп айырмаланат. Машина куруунун бардык тармактарында жаңы конструкциялар дайыма лабораториялык, иштетүү, кээде авариялык шартта сыналып, алардын негизги касиеттери ( м: транспорт машиналарынын — ылдамдыгы, динамикалык касиеттери, электр машиналарынын — электр-магниттик, диэлектрдик касиеттери ж. б.) аныкталат. Машиналарды сыноодо машиналардын ишенимдүүлүгүнө айрыкча көңүл бурулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.