Машинанын ишин синхрондошторуу

Википедия дан

Машинанын ишин синхрондоштуруу - ЦЭМдин айрым түзүлүштөрүнүн же элементтеринин иштешин убакыт диаграммасына жара­ша текши иштетүү. Машинанын ишин синхрондоштуруу башкы синхрондоштургуч импульстардын же туюк синхросистемалуу блоктордун ырааттуулугу менен ишке ашырылат.

Машинанын ишин синхрондоштуруу функциялык (бөлүктүк) жана ичтен синхрондоштуруу болуп айырмаланат. Функциялык синхрондоштурууда кандай амал (операция) аткарыла турганына жараша түзүлүштөрдүн жана блоктордун иштөө тартиби жөнгө салынат, б. а. командалар тандалат, операциялар берилет, арифметикалык жана логикалык операциялар аткарылат, байланыш командалары текшерилет ж. б. Машинанын айрым түйүнүнүн ишин ичтен синхрондоштурууда ар кандай чынжырларда өтүүчү сигналдардын убактылуу кечигүүсү жөнгө салынып көп кириштүү схемаларда сигналдардын керектүү ырааттуулукта кириши камсыз кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.