Машина жана механизмдер теориясы

Википедия дан

Машина жана механизмдер теориясы – машина менен механизмдин түзүлүшүн изилдөө жана алардын схемаларын долбоорлоо ыкмалары жөнүндөгү илим. Ал негизинен механизмдер теориясы менен машиналар теориясынан турат. Механизмдер теориясында бардык механизмдерге тиешелүү касиеттер изилденет. Машиналар теориясында техниканын түрдүү тармагында колдонулуучу машиналарга тиешелүү изилдөөнүн жалпы методдору менен долбоорлоолор каралат. Машина жана механизмдер теориясынын негизги бөлүмдөрү: механизмди синтездөө, машина жана механизмдер динамикасы, автомат-машиналар теориясы. Механизмди синтездөө үч этаптан турат. Биринчи этапта синтездин негизги критерийи жана чектөөчү шарт тандалат. Ар бир механизм колдонулушуна жараша формасы жана мазмуну ар кандай бир нече милдет аткарууга тийиш. Мында технологиялык жана конструкциялык маселелер математикалык маселе түрүндө каралат. Экинчи этапта синтездин негизги критерий чоңдугун мүнөздөөчү функциянын анализдик туюнтулушу берилет. Негизги критерийди тандоо механизмдин аткарган милдети менен аныкталат. Үчүнчү этапта чектөөчү шарттарды эске алып, негизги критерийди жалпылоо менен механизмдин туруктуу параметрлери эсептеп чыгарылат. Механизмди синтездөөдө ЭЭМ кеңири колдонулат. Автомат машиналар теориясына программалуу башкаруу системаларын, ошондой эле өнөр жай роботторун долбоорлорун түзүү кирет. Ал машина жана механизмдер теориясынын эң негизги бөлүмү катары 1945–50-жылдары өнүгө баштады. Автомат-машинанын механизмдери өзүн өзү башкаруу системасы аркылуу иштейт. Алар автоматтык башкаруу системаларын түзүү менен тыгыз байланышкан. Автомат-машиналардын тиричиликтин бардык тармагында кеңири колдонуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн өстүрүүнүн жана акыл, оор күч эмгегинен бошотуунун бирден бир жолу болгондуктан, автомат-машиналар теориясы чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]