Мазмунга өтүү

Машхад Ардахал килем жуу салты

Википедия дан

Машхад Ардахал килем жуу салты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фин Кашан жана Хаве Ардахал килем жуучулар диний жана салттуу үрп адаты жыл сайын октябрь айынын экинчи жумасында Машхад Ардахал аймагында Кашандын батыш тарабында 42 км. аралыкта өткөрүлөт, ал ислам динине байланыштуу үрп адат болуп күн календары менен болдонот. Бул маарекеге катышкандар жана өткөзгөндөр Фин тургундары, колдоруна жыгач алып, Али ибн Мухаммед Бакердин канын жууган сымал булакта килемдерди жуушат. Бул маареке Ирандын руханий мурастар тизмесине катталган, ал эми 2012-жылдын декабрь айында ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк маданий жана руханий мурастар тизмесинде каттоодон өткөн. Кээ бир изилдөөчүлөр жана жазуучулар килем жуу үрп адатынын түпкүрүн байыркы Иран ырым жырымдары жана салты менен байланыштырышат.

Фин Кашан жана Хаве Ардахал килем жуу ырым жырымы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Килем жуучулар үрп адаты Фин жана Хаве Ардахал тургундары аркылуу жыл сайын октябрь айынын экинчи жумасында (Султан Али ибн Мухаммад Бакердин өлтүрүлгөн күнүндө) өткөрүлөт. Бул маарекени өткөзүү күнү Хаве Ардахал тургундары Имам Заде имаратынын ичиндеги килемдердин бирөөсүн тоголоктоп ороп (килемди адам шейит кеткенде, сөөктү килемдин ичине орогондой, Имам Заденин сөөгү килемде оролуп тургандай кылып орошот) жаш уландарга көтөртөт, Имам Задеге кошок кошуу жана аза күтүү аземин өткөзүп, аны Фин тургундарына тапшырышат , алар килемди тарыхый курулуштун чыгыш тарабында бир канча жүз метр алыстыкта орун алган булакка көтөрүп барышат. Килем көтөргөндөрдүн аркасынан бир топ адамдар колдоруна союл алып, союлду башынан өйдө көтөрүп Имам Заденин өлгөн күнүндөгү аза күтүү зыйнатын аткарышат. Килемди булактын жанына жерге коюшат, булактын суусун алып Имам Заденин денесин жуугандай келбетти көрсөтүшөт, андан кийин аны көтөрүп алып курулуш тарапка алып жөнөшөт. Килемди күмбөзгө алып кирүүдөн мурун союлдарды башынан өйдө көтөрүп ары бери солкулдатып , кошок айтып кыйкырып ураан чакырышат. Килемди Имам Заденин күмбөзүнүн эшигинин алдына алып келгенден кийин, аны Хаве Ардахал тургундарына өткөзүп беришет, ал эми күмбөздүн ичине киргизүү бир катар атайын жөрөлгөлөр менен коштолот. Көптөгөн китептерде мисал катары Имам Заделер, Султан ибн Али жана Хала ибн Али өмүр таржымалы, имамат жазууларында, Абдурахим Калонтар Зарабинин Кашан тарыхы жазуусунда жана башка китептерде жогорудагы жөрөлгөлөр эскерилген. Бул аземдин байыркы тарыхынын болушуна карабай, анын көптөгөн жөрөлгөлөрү унутулуп калган. Илимий жана изилдөө документтеринин жок болушу Султан Али жана Килем жуучулар жөрөлгөсүнүн көмүскөдө калышынын негизги себептеринин бири болуп саналат.

Катышуучулар жана маарекени өткөрүү жолу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ИРНА массалык маалымат каражаты 2005-жылкы өткөрүлгөн аземде 200 миңден ашуун адам катышканын жарыялаган. Бул маарекени өткөзүү жол жобосу төмөндөгүчө: баардык Фин тургундары колдоруна жыгач алып аймактын борбордук бөлүгүнө чогулушат, Имам Задеге арналган аза күтүү, кошок кошуу, төш чабуу жөрөлгөлөрүн өткөзгөндөн соң Хаве Ардахал айылынын өкүлдөрү ыйык килемди Фин тургундарына өткөзүп беришет. Килемди өткөзүп алгандар аны белгиленген бөлүкө алып барышат, колундагы союлдарын асманга көтөрүп Хосейин Хосейин деп ураан айтышып ыйык килемди атайын белгиленген булак тарапка алып келишет, андан соң аны жууп тазалоо жөрөлгөсүн аткарышат. Ыйык килемди жууп бүткөндөн кийин Фин тургундары башка жол менен мурдатан белгиленген жерге алып келишет, атайын жөрөлгөлөрдү аткарышып Хаве айылынын тургундарына өткөзүп беришет. Кошок кошуу, аза күтүү, төш чабуу аземдерин аткарып, Хосейин Хосейин деп ураан чакыргандан соң бул азем кийинки жылга чейин соңуна чыкты деп эсептелет. Килем жуу салты бир гана колуна жыгач көтөргөн Фин тургундары, элдердин чогулушу аркылуу тарыхый суу булагынын жанында, ар бир жылдын октябрь айынын экинчи жумасында өткөрүлөт. Бул аземди өткөзүү атайын күн календары менен аткарылат жана килем жуучулар салтын диний жөрөлгө деп атасак болот, чындыгында түпкүрүндө бир катар улут салттарын кошо алып өткөрүлөт.

Тарых жана уламыш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бахрам Бизаии килем жуучулар жөрөлгөсү тууралуу төмөнкүдөй ишенимде: Бул маарекенин өткөрүшүн эске алуу менен төмөндөгүдөй натыйжа чыгарсак болот, бул жөрөлгө жергиликтүү көргөзмө ырым жырымы жана анын мазмуну Сиявуш дастанына барып такалат, ал эми ислам келгенден кийин бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Кээ бир адамдардын ишениминде бул сыйынуу, асмандан жамгыр суроо жөрөлгөсү, ошондуктан Имам Заде курулушунун орду байыркы заманда Ирандагы жамгыр суроо, асманга сыйынуу дининин орду болчу деген божомолдор бар.

Башкалардын эстеликтеринде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалал Алахмад өзүнүн китебинен алынган «Машхад Ардахал килем жуучулар жөрөлгөсү» макаласында бул аземди жакындан көргөндөй баяндап берет. Али Хатеми Туки кино тасмасында килем жуучулар марекесин эскерет, албетте ал учурда цензурага алынып турган жана Машхад Ардахал сөзүн эскерүү диалогдон алынып салынган. Документалдуу тасма “Машхад килеми” Насир Такваи

  • Машхад Ардахал
  • Султан Али ибн Мухаммад Бакир
  • Жарзанан
  • Фин
  • «Союл кармаган Ардахал» Mehr News Agency
  • «Машхад Ардахал килем жуу салты ЮНЕСКОдо каттоодон өттү»
  • «Машхад Ардахал килем жуучулар жөрөлгөсү» Иран руханий мурастар музейи, 2012-жыл
  • Муздапур, Катоюн «Сыйкырчы жылаан жана сулуу канаттуу» элдик жомок
  • Бизаии, Бахрам, Хамид Амжад. «Сияваш: тазалар дүйнөсүнөн жоголгон тарапка»
  • Ghiasabadi، Reza Moradi «Иран изилдөөлөрү: Кашандагы килем жуучулар жөрөлгөсү, байыркы замандан калган жөрөлгө». Иран изилдөөлөрү/ Реза Мурадинин жазуусунда
  • Алахмад Жалал жазуулары

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Килем жуучулар аземин өткөзүүгө арналган сайт
  • Килем жуучулар диний салтынын сүрөттөрү, Машхад Ардахал, Кашан,
  • Тасмим инфор агентствосу

Маданият, Дин