Машыктыруу

Википедия дан

Машыктыруу, дрессировка (фр. dresser — үйрөтүү, көндүрүү) — шарттуу рефлекс пайда кылуу жолу менен айбандарды белгилуу бир адатка, ыкка, өнөргө үйрөтүү. Үйрөнгөн айбанаттарды эл алдында ойнотуу да машыгуу деп аталат. Машыгууда И. П. Павловдун жогорку нерв системасы тууралуу окуусу пайдаланылат, айбандардын өзгөчөлүктөрүнө жараша мажбурлоо жана кызыктыруу методдору айкалыштырылат. Бул ыкмаларды Дуровдор кеңири колдонгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.