Машыктыруучу Картер

Википедия дан

"Машыктыруучу Картер" (англ. Coach Carter, орус. Тренер Картер) -2005-жылы Томас Картер тарткан америкалык спорттук драма. Тасмада Ричмонд мектебинин баскетбол боюнча машыктыруучусу Кен Картердин (Сэмүел Л. Жексон) башынан өткөн чыныгы окуясы баяндалган. Ал 1999-жылы жеңилбеген мектептин баскетбол командасынын окуудагы төмөн көрсөткүчтөрү үчүн , баскетбол оюндарына чыгарбоо чечимин кабыл алат. Тасманын сценарийин "One Tree Hill" телесериалдарын тартышкан, Жон Гатинс жана Марк Шван биргелешип жазышкан. Тасмада ошондой эле режиссёр Картер өзү тартылган "The White Shadow" телесериалынан кээ-бир пикирлер алынган. Тасмада Роб Браун, Чениң Татум, Дебби Морган жана ырчы Ашанти тартылышкан.

Бул тасманы "MTV Films" менен "Tollin/Robbins Productions" биргелешип өндүрүшкөн. Тасманы кинотетрларда жана өлкө ичинде видеолорду "Paramount Pictures" жайылткан. "Машыктыруучу Картер"- профессионалдык этика, академиялык жетишкендик жана атлетиканы көрсөтөт. Тасмадагы спорттук кыймыл-аракеттер "ReelSports" компаниясынын негизинде аткарылган. 2005-жылы, 11-январда "Capitol Records" тарабынан тасманын саундтреги чыккан. Музыкант Тревор Ребин тасманын музыкасын жазып жана оркестрда аткарган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]