Мая

Википедия дан

Мая — эгинди өрүп-жыйгандан ки­йин анын сабагынын аңызда калган төмөңкү бөлүгү.

Кары жука, кышы суук жанa топурагы шамал эрозиясына чалдыгуучу талаа атапын куль­тиватор же терең жумшарткыч менен иштетилет. Мында 85—90% мая калып, ал топурак менен карды шамалдан сактайт.

Көп жылдык чөпкө аралаш себилген эгинди өрүп-жыйнагандан кийин Мая ошо бойдон калтырылат. Аңыздагы отоо чөптү жок кылуу, жердеги нымды сактоо учун түшүмдү өрүп-жыйноо менен удаа аңыз жумшартылып, кийин терең айдалып ташталат. Катар аралыгы иштелүүчү же күздүк эгилүүчү аянт түшүм оруп-жыйноонун артынан коңторулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.