Маңка

Википедия дан

Маңка (Malleus), сап – сыңар туяктуу малдын (жылкы, эшек ж. б.) жугуштуу ылаңы. 1882-жылы немец окумуштуусу Леффлер маңканын козгогучун бөлүп алган. Маңкада тери, былжыр челде жана ички органдарда жара пайда болот. Ылаң козгогуч таякча түрүндөгү микроб – Bact. mallei. Ал дезинфекциялоочу заттарда (мисалы, формалиндин 3%түү эритмесинде) 1 сааттын ичинде, ысык күндө 24 саатта, 80°С температурада 5 мүнөттө өлөт. Ылаңдын жашыруун (букма) мезгили 2–4 жума. Катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Маңка соо малга ылаңдаган малдын оозу-мурдунан жана сырткы жарадан бөлүнүп чыккан суюктуктар менен булганган жем-чөптү жегенде жугат. КМШ өлкөлөрүндө маңка ылаңы жок кылынган. Бирок коңшулаш чет өлкөлөрдө (Кытай, Монголия, Афганстан, Иран, Турция ж. б.) бар экендиги байкалат. Ошондуктан маңканын биздин өлкөгө таралышына жол бербөө иш-чараларын көрүү зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]