Маңыз жана кубулуш (философия)

Википедия дан

Маңыз жана кубулуш (Сущность и явление) – Дүйнөдөгү процесстердин жана объектердин бардык зарыл жактарын чагылдырган философиялык категориялар. Маңыз – бул өз жашоосунун бардык көп түрдүүлүктөрү жана карама-каршылыктарынын биримдиги аркылуу кубулушчу нерсенин ички мазмуну; а кубулуш болсо нерсенин тигил же бул жагынан көзгө чалдыгышы, анын жашашынын сырткы кейпи (формасы). Ой жүгүртүүдө маңыз жана кубулуш категориясы нерседе болгон көп түрдүү формалардан анын ички мазмунуна жана биримдигине – түшүнүүгө өтүүнү туюндурат. Нерсенин маңызына жетүү – илимдин негизги милдети. Антикалык философияда мисалы: – нерсени түшүнүүнүн «башаты» анын жаралышын (генезисин) билүүнүн булагы. Демокриттин окуусу боюнча, нерсенин маңызы ал нерсенин өзү менен ажырагыс жана аны түзгөн бөлүкчөлөрдөн (атомдордон) эркин турат. Платондун окуусу боюнча, мис: («идея, ой») дене-сезүү жашоосуна баш ийбейт, ал жогорку сезимдеги, материалдык мүнөзгө ээ эмес, түбөлүктүү жвна чексиз. Аристотелдин окуусу боюнча, М. («нерселердин формасы») жекече турган нерселерден сырткары, өзүнчө жашабайт. Кант маңыздын объективдүүлүгүн таануу менен катар («нерсе өзүндө», «вещи в себе»), Маңызды адам таанып – биле албайт деген. Гегел метафизикалык көз карашты жеңип, маңыз көрүнөт, кубулуш маңыздын көрүнүшү дейт. Ошондой эле Гегелдин диалектикалык идеализми Кубулушту «абсолюттук ойдун (идея)» сезилип билинген айкын көрүнүшү деп түшүндүргөн. Неопозитивизм сезип-билүүгө болгон кубулушту гана таанып, маңыздын объективдүүлүгүн танат, аны таза ойдон жаралган нерсе катары карайт. Экзистенциализмде Маңыз категориясын жашоо түшүнүгү сүрүп чыгып, кубулуш субъективдүү маанайда түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8