Мванза

Википедия дан

Мванза – Танзаниянын түндүк-батыш бөлүгүндөгү шаар. Мванза областынын административдик борбору (1963жылдан). Виктория көлүнүн түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 581,2 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү Дар-эс-Саламдан кийинки 2-шаар). Ири жол тоому. Виктория көлүндөгү порт (Танзания, Уганда жана Кениянын көл порттору менен темир жол парому аркылуу байланышат). 1892-жылы негизделген. 1-дүйнөлүк согушта Британия аскерлери басып алган (1916). 1920-жылдан Танганьиканын (Улуттук Лиганын мандаты менен башкарылган, 1946-жылдан БУУнун камкордугуна алынган аймак; 1961-жылдан көз каранды эмес өлкө) курамында. 1920-жылы шаардын айланасынан алтындын кору табылган. 1928-жылы Табор шаары менен темир жол байланышы ачылган. Тоо кен казуу (алтын) жана ири айыл чарба районунун (негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү – жүгөрү, маниок, батат, ак жүгөрү; гозо, тамеки, кофе дарагы өстүрүлөт; мал багылат; сыртка пахта, тамеки, кофе, тирүү мал чыгарат) соода-бөлүштүрүүчү борбору. Транспорт контейнер өндүрүшү, текстиль, булгаары – бут кийим, тамак-аш (ун ж. б.) өнөр жай ишканалары иштейт. Самын кайнатылат. Балык кармалат жана беленделет. Улуттук медицинаны изилдөөнүн илимий борбору (1960), университет, колледждер (бизнес, саламаттыкты сактоо), калк китепканасы (1935), маданий борбору жана сукуми элинин музейи (1968) бар. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]