Мегалополис

Википедия дан

Мегалополис (грекче megalu – чоң, ири жана polis – шаар) – бир нече шаарлардын бир аймакка топтолушу; көп сандаган кошуна шаар агломерацияларынын биригишинен пайда болот. Мегалополис. байыркы грек шаары Мегалополдун (35 тургун жай бириккен) атынан аталган. Бул термин француз окумуштуусу Ж. Готман тарабынан 1957-жылы сунушталган. АКШнын Атлантика жээгиндеги Бостон менен Вашингтондун аралыгы, Хонсю аралынын Тынч океан жак жээгиндеги Токиодон Осакага чейинки (Япония), Төмөнкү жана Ортонку Рейн аймактары (Нидерланд – Германия), Лондондон Ливерпулга чейин (Улуу Британия), Калифорниянын Тынч океан жак жээги (АКШ; Сан-Францискодон Сан-Диегого чейин Сан-Сан деп аталат), Улуу көлдөрдүн (АКШ – Канада) аймагында ж. б. жерлерде мегаполистер пайда болууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]