Мегиддо

Википедия дан
Мегиддо.

Мегиддо (азыркы Тель-эль-Мутеселим шаарчасы) — Алдыңкы Азиядагы байыркы шаар жанa сепил (урандылары азыркы Израиль мамлекетинин түндүгүндө).

Аны 1903-05- жылы немец археологу Г. Шумахер, 1925—39-ж. Чикаго универистетинин экспедициясы изилдеген.

Ал б. з. ч. 4-миң жылдыктын ортосунда пайда болгон.

Б. з. ч. З-миң жылдыкка таандык се­пил дубалдар, храм ж. б. курулушардын калдыктары сакталган. Мегиддонун эң жогорку катмарынан персиялык мезгилдеги (б. з. ч. 6—4-к.) шаар калдыгы табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.