Медальердик көркөм искусство

Википедия дан

Медальердик көркөм искусство (фр. medallier – медальер) – тыйын жана медалдарды даярдап чыгаруучу көркөм өнөр; майда пластиканын бир тармагы. М. к. и. чыгармалары жез, күмүш, алтын, коло жана башка материалдардан жасалат жана алардын бекемдиги менен ийкемдүүлүгү кичине форматта сүрөттөлүш менен деталдардын тактыгын берет. М. к. и-го так, кыска композициялык жана пластикалык чечимдерди издөө, символ, аллегория, эмблемаларды кеңири пайдалануу, сүрөт менен жазуулардын органикалык айкалышы, берилген стандарттык формага – рельефтик миниатюраны батырган мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу иконографиялык типтер менен ыкмалардын туруктуулугу мүнөздүү. М. к. и. биздин заманга чейин VII–VIII к. Лидияда (Кичи Азия) жана Байыркы Грецияда металл тыйындар менен бир учурда пайда болгон. Илгерки заманда ири тыйындар калыптарда куюлган, бирок негизинен негативдик сүрөт чегилген ысытылган металлдан штемпель менен тыйын чегүү колдонулган. Антик тыйындарындагы Кудай образдары менен мифологиялык көрүнүш­төрдүн жөнөкөйлүгү менен гармониясы сакталган, антик тыйындарын орто кылымда орнаменттүүлүк менен геральдикалык мүнөздөгү композициялар, ал эми Азияда каллиграфиялык сулуулуктагы жазуулар алмаштырган. Кайра жаралуу доорунун эстелик медалдары (XIV–XVI к. пайда болгон; Пизанелло, Маттео де Пасти, Бенвенуто Челлини Италияда, Францияда Жермен Пилон) портреттик мүнөздөмөлө­рүнүн (алдыңкы беттеринде) айкын өз беттүүлүгү менен аллегориялык фигуралардын (арткы беттеринде) пластикалык жеткилеңдиги боюнча айырмаланат. Катуу болот штемпелдерди киргизүү барокко (жан Варен, Гийом Дюпре Францияда) жана классицизм (П. П. Уткин, Ф. П. Толстой Россияда) медальерлерине баатырдык композицияларда деталдардын кылдат кооздолушу менен зергердик чебердикке жетишүүсүнө жардам берген. Романтизм доорунан XIX к. М. к. и-суна пластикалык жарык шаңдык чаптоонун эркиндиги менен живопистүүлүгүн иликтөө келип жеткен. XX к. М. к. и-сунда көркөм каражаттардын (контррельеф, тереңдетилген контур, карартуу, эмаль) чөйрөсү кеңейтилген, композиция, пластикалык тили, тегерек медалдардын жана плакеткалардын фактурасы татаалдаштырылган, медалдардын тематикасы байытылган жана заманбап мезгилдин философиялык, социалдык, публицистикалык аспекттери кошулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]