Медведев Анатолий Наумович
Медведев Анатолий Наумович (1928, Украина, Харьков шаары – 1994, Бишкек) – окулист, медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1971). Крым медициналык институтун бүтүргөн (1950). 1970-жылдан КММИде окутуучу, көз оорулар кафедрасынын, Улуттук госпиталда көз оорулар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал көз оорулары боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография, 5 окуу китеби жана 3 ойлоп табуусу бар. Эмгектери: Весенний катар. Ташкент, 1970; Кератопластика. Б., 1994.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7