Медельин

Википедия дан

Медельин – Колумбиянын түндүк-батышындагы шаар. Антьокия департаментинин административдик борбору. Абурра өрөөнүндө, Борбордук Кордильерада, 1495 м бийиктикте жайгашкан. Шаарды Медельин дарыясы аралап агат. Калкы 2,3 млн (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү Санта-Фе-де-Богота шаарынан кийинки 2-шаар; агломерациясы менен 3,4 млн). ПанАмерика шоссесиндеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Испандар тарабынан 1646-жылы негизделген. Шаардын борбордук бөлүгүндө 19–20-кылымдын курулуштары басымдуу. Чиркөөлөр, соборлор, ратуша ж. б. бар. Колумбиянын индустриялуу ири борборлорунун бири. Бир нече ири улуттук банктардын, компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Өнөр жайынын алдынкы тармактары: жеңил (анын ичинде текстиль, тигүү, булгаары– бут кийим), тамак-аш, курулуш материалдары жана химиялык Тоо-кен (алтын, күмүш ж. б.), текстиль өнөр жайынын жана кофе соодалоонун борбору. Медельин илим менен билимдин жана маданияттын маанилүү борбору. Университеттер жана алардын кампустары, калк китепканалары, институттар, театрлар, музейлер, планетарий бар. Ботаникалык бак уюштурулган. Жыл сайын эл аралык фестивалдар, гүлдөр көргөзмөсү жана «Фиеста Брава» карнавалы өткөрүлүп турат. Шаардын четинде алтын, күмүш, таш көмүр казылып алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]