Медикалык Изолятор

Википедия дан

Медикалык Изолятор — жугуштуу оору (холера, чума, чечек жана башка) менен ооруган же ага күнөм саналган кишилерди убактылуу бөлүп (ооруканага жеткиргенге чейин) коюучу жай.

Изолятор оорукана, бейтапкана, санаторий, бала бакча, жатакана жана башкаларда болот. Анда оорулууларды тейлөөдө эпидемияга каршы эрежелерди (идиш-аякты бөлүү, бөлмөнү, шейшептерди, идиштерди дезинфекциялоо) сактоого чоң көңүл бурулат. Кээ бир жугуштуу ооруларда (грипп, көк жөтөл, кызылча) үйдөгү шартта деле оорулууну өзүнчө бөлмөгө же бөлмөнүн бир бурчун көшөгөлөп бөлүп койсо болот (к. Жугуштуу оорулууну бөлүү); шейшеп, сүлгү жана башка буюмдарын бөлүп коюу керек. Оорулуу менен бирге болгон кишилер эмделет. Алар дарыгердин сунуштарын так аткаруусу зарыл.


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8