Медицина-генетикалык консультация

Википедия дан

Медицина-генетикалык консультациятукум куума ооруларды азайтууга багытталган калкка медициналык жардам берүү формасы. Медицина-генетикалык консультация демейде илим изилдөө институттарда. медициналык жогорку окуу жайлардын кафедраларында, поликлиникаларда, ооруканаларда уюштурулган. Тукум куума ооруну алдын алуу жана дарылоо мүмкүндүгү тигил же бул ооруда биохимиялык, физиологиялык жана морфологиялык өзгөрүүлөр жөнүндө биздин билим деңгээлибизге, ошондой эле ага зарыл болгон хирургиялык, терапиялык жана санитария-гигиеналык методдордун иштелип чыгуусуна байланыштуу. Ошондуктан «тукум куума ооруну болтурбай коюуга мүмкүн эмес» деген калк арасындагы түшүнүк төгүнгө чыкты. Өздөрү соо, бирок генетикалык материалда бирдей кемтикти алып жүргөн ата-энелерден тукум куума оорулуу бала төрөлөт. Экөө тең бузулган генетикалык материалды алып жүрүүчү жубайлар чанда кездешет. Бирок мындай кокустук болгону оорулуу бала төрөлгөндө гана билинет, кийин мындай баланын төрөлүшүнөн ата-эне сактанышы керек. Азыр медициналык генетика ичтеги (төрөлө элек) баланын 70тей тукум куума оорусунун диагнозун аныктоо методдоруна ээ болду. Бул төрөлчү баланын дени соо же оорулуу экенин аныктап, ата-энени оорулуу балалуу болуудан алдын алып, андай баланы боюнан алдырууга кеңеш берет. Тукум куума ооруну айыктырууга мүмкүн эмес деген түшүнүк туура болбой калды. Азыркы кезде медицина айрым тукум куума ооруларды айыктыруу методдорун иштеп чыкты. Медицина-генетикалык консультациянын натыйжалуулугу диагноздун туура коюлушуна жараша болот. Кээ бир оорулуу төрөлгөн баланын оорусу тукум куума болбой түрдүү факторлордун түйүлдүккө таасир этишинен тубаса болот. Мисалы, дүлөйлүк тукум куума болушу да мүмкүн, ошондой эле кош бойлуу аялдын кызамык менен оорушунан ичтеги бала дүлөй болуп калган учурлар белгилүү. Ичтеги өөрчүп жаткан түйүлдүк инфекцияны, кээ бир дарыны, рентген жана башкалар нурларды, ар кандай химиялык заттарды өтө сезгич келет. Тубаса оорулуу төрөлгөн баланын оорусу ушул таасирлерден пайда болуп, тукум куума эмес болуп чыгат. Ошондуктан тигил же бул оору тукум куума экенин далилдөө өтө татаал. Врач-генетик такай клиникалык, биохимиялык, цитогенетикалык жана башкалар изилдөөнүн ар түрдүү методдорун колдонот. Врачтын ишине генеалогиялык метод, башкача айтканда укум-тукумун анализдөө методу жардам берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8